# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112217)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112217/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3013/edition/1237715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112217/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112217/st-2

---

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды юстиция органдарында каттоо (кайра каттоо) жана реестрин жүргүзүү үчүн макулдук берүүнүн тартибин аныктайт.";

2) 8-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 23-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112217/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112217/st-3)
