# 92-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 92-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-92

---

1. Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу.

2. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Кызматтан кетүүсү Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызматтан кетүүсү жалпы Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келбейт.

3. Министрлер Кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамы өз милдеттерин аткарууну улантат.

4. Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүүсү Министрлер Кабинетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын токтотот.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-93)
