# 90-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 90-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-90

---

1. Министрлер Кабинети Төрагадан, Төраганын орун басарларынан жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнөн турат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат.

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Конституцияга, конституциялык мыйзамга жана Президенттин жарлыктарына ылайык Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүн уюштурат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн Президенттин алдында жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-91)
