59-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийгистикке укуктуу.
2. Эч ким кандайдыр бир жарандык укуктук милдеттенмесин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде гана эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
3. Эч ким соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.
Ар бир кармалган адам кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн дароо, кармалган учурунан 48 саат өткөнгө чейин сотко жеткирилүүгө тийиш. Эгерде адамды кармоого негиз жок болсо, ал адам дароо бошотулууга тийиш. Айрым учурларда кармап туруунун мындан кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.
5. Кармалган ар бир адамга кармалышынын жүйөлөрү жөнүндө эч кечиктирилбестен билдирилиши жана анын укуктары түшүндүрүлүшү керек.
Кармалган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынат, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк, ошондой эле медициналык кароого жана дарыгердин жардамына укук берилет.
6. Ушул берененин жоболорун бузуу менен кармалган же камакка алынган ар бир адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация төлөтүп алуу менен тарткан зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуртуп алууга укуктуу.
Билип туруп атайын мыйзамсыз жана негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жазык жоопкерчилигине тартылат.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112215/st-59" title="59-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>