# 48-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 48-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-48

---

1. Ар бир адамга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, инсандыгын өнүктүрүү максатында илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрүнүн, окутуучулуктун жана окуунун эркиндиги кепилденет. Ар бир адам өз кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.

2. Ар бир адам маданий турмушка катышуу жана маданият баалуулуктарына жеткиликтүүлүккө укуктуу.

3. Мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.

4. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-49)
