# 46-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 46-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-46

---

1. Ар бир адам билим алууга укуктуу.

2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.

4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап орто жалпы билим берүү уюмдарына чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окуп-үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзөт.

5. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы окуу жайларын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт.

6. Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

7. Мамлекет мыйзамда каралган тартипте жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-47)
