# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 4-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-4

---

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик төмөнкү принциптерге негизделет:

- бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү;

- мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү;

- өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгы;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын ажыратылышы;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын коррупция үчүн шарттарды түзгөн аракетине (аракетсиздигине) тыюу салуу;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын эл алдындагы конституциялык-укуктук жана башка жоопкерчилиги.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-5)
