# 39-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 39-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-39

---

1. Ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

2. Тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылуу максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлама берүүгө укуктуу.

3. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары жана катышуучулары тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарламанын жоктугу, кабарламанын түрү, мазмуну жана берүү мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

4. Тынч чогулуштардын уюштурулушу жана өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталат.

IV ГЛАВА. ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК УКУКТАР

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-40)
