# 29-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 29-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-29

---

1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийгистигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу.

Кыргыз Республикасында адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис.

2. Эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты тараткандыгы үчүн жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес.

3. Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

4. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, купуя маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

5. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укуксуз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-30)
