# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 16-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-16

---

1. Жер, жер казынасы, аба мейкиндиги, суулар, токойлор, жайыттар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары - Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат.

2. Жер жана жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин негизи катары бирдиктүү экологиялык тутумун сактоо жана туруктуу өнүгүү максатында пайдаланылат, алар мамлекеттин контролунда жана өзгөчө коргоосунда турат.

3. Жер, жайыттарды жана токойлорду кошпогондо, менчиктин жеке жана муниципалдык түрүндө болушу мүмкүн.

Жер чет өлкөлүк жарандардын жана чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактардын жеке менчик укугунда болушу мүмкүн эмес.

4. Жердин менчик ээлеринин укуктарын коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-17)
