116-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Конституция 300 миңден кем эмес шайлоочулардын же Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн.
2. Конституциянын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор 300 миңден кем эмес шайлоочулардын же Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн.
3. Конституциянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алат. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 айлык аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн корутунду берет.
5. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны кабыл алуу жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.
6. Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Президент тарабынан кол коюлат.
7. Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциянын жаңы редакциясы болушу мүмкүн.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзамдын редакциясында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясына Кыргыз Республикасынын Президенти кол коёт.
2. Ушул Мыйзамдын редакциясында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясы күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын айманында колдонулуп жаткан мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталган Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын редакциясындагы Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгү 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3-берене.
1. 2021-жылы 6 жылга шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. 6 жылга шайланган Президенттин мөөнөтү ушул Конституцияга ылайык шайлоонун биринчи мөөнөтү деп эсептелет.
2. Ушул Мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык бардык деңгээлдеги шайлануучу органдар шайланганга жана кызмат адамдары дайындалганга чейин шайлануучу жала дайындалуучу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланганга, түзүлгөнгө же дайындалганга чейин аткарууну улантат.
3. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул Конституцияга ылайык өткөрүлөт.
4-берене. Ушул Мыйзамдын редакциясындагы Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелет. Ушул Мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык Министрлер Кабинетинин курамы түзүлгөнгө чейин Президент Жарлыгынын негизинде Министрлер Кабинетинин курамын убактылуу түзөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт. 5-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары болуп таанылат жана алар шайланган бардык мөөнөттөрүнө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары алар шайланган бардык мөөнөттөрүнө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы жана анын орун басарлары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын шайланган же бекитилген мөөнөттөрүнө чейин сактап калат.
4. Жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьялары алар дайындалган бардык мөөнөткө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.
6-берене. Конституциялык мыйзамга ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш түзүлгөнгө чейин Судьяларды тандоо боюнча кеңеш өз функцияларын аткарат. 7-берене.
1. Ушул Мыйзам жана ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституция расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам жана Конституция күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабын алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамы.
3. 5-май көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган күн деп сакталсын.
8-берене. Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө Конституциядан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды жана өздөрүнүн чечимдерин Конституцияга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
116-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112215/st-116" title="116-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>