# 115-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 115-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-115

---

1. Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу.

2. Аксакалдар соттору иштерди мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына ылайык тараптарды жараштыруу жана мыйзамдарга каршы келбеген адилет чечимдерди чыгаруу максатында карайт.

3. Аксакалдар сотторунун чечимдери мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

5. Аксакалдар сотторун түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгү мыйзам менен аныкталат.

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУНУН, ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-116)
