# 103-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 103-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-103

---

1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2. Кыргыз Республикасында судьялардын съезди, Судьялар кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын съезди соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат. Судьялар кеңеши судьялардын съезддеринин ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болуп саналат.

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу жана иш тартиби мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-104)
