# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5- майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3011/edition/1078264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112215/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, 1-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Конституциясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

Биз, Кыргыз Республикасынын эли, өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп; укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында; чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп; ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап; Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп; мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого умтулууну ырастап; жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды таанып; социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп; элдин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эсте сактап; азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүп, ушул Конституцияны кабыл алабыз. БИРИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ I ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН САЯСИЙ НЕГИЗДЕРИ 1-берене.

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана бардык аймагына жайылтылат.

3. Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

4. Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.

5. Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

6. Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112215/st-2)
