# КР 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3010/edition/1150522/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112214

---

КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 5-марты № 28 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112214/st-1)

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын: "23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112214/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 27-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
