# 91-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 91-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-91

---

1. Министрлер Кабинети:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;

7) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

11) жарандык коом менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

12) Конституцияда жана мыйзамдарда өзүнө таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Министрлер Кабинетинин ишинин уюштурулушу жана тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-92)
