# 89-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 89-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-89

---

1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат.

2. Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.

3. Президент конституциялык мыйзамдын негизинде аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет.

4. Президент Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат.

5. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет.

6. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-90)
