# 86-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 86-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-86

---

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери, эгерде Конституцияда башкача каралбаса, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-87)
