8-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо үчүн саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн.
2. Саясий партиялар коомдогу ар кандай социалдык катмарлардын жана топтордун көп түрдүү саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт.
3. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларын кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын партиялык ишти аткарышына;
2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны колдоп чыгышына;
3) диний жана этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;
4) жарандардын бирикмелеринин аскерлешкен кошуундарды түзүшүнө;
5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.
4. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылат.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү…Приказ · 23.07.2026 · № 3-д
- Постановление Правительства КР от 17 августа 1998 года N 549 "О первоначальном докладе Кыргызской Республики о выполнении Международной Конвенции о ликвидации всех форм расовой…Постановление · 17.08.1998 · № 549 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаргандык…Постановление · 15.03.2006 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 января 1998 года №37 "О заключении на проект Закона Кыргызской Республики "О политических партиях"Постановление · 15.01.1998 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө"…Закон · 03.03.2010 · № 41 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>