# 58-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 58-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-58

---

1. Ар бир адам мыйзамда белгиленген учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишинин сотто каралышына укуктуу.

2. Ар бир соттолгон адам ырайым кылууну жана жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.

3. Эч ким бир эле укук бузгандык үчүн эки жолу юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.

4. Ар бир соттолгон адам өз ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто каратууга укуктуу.

5. Ар бир адам өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-59)
