# 57-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 57-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-57

---

1. Ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот.

2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алгандыгынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

4. Күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер айыптоону негиздөө жана соттун чечимин чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарына каршы күбө болууга жана көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-58)
