# 56-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 56-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-56

---

1. Мамлекет жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген тартипте камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт.

3. Инсандын дене-боюна жана моралдык кол тийгистигине карата чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катары мыйзамдын негизинде гана соттун өкүмү боюнча жол берилет.

4. Эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш.

5. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам ар-намысы кемсинтилбеген адамгерчиликтүү мамиле жасалышына укуктуу.

6. Талаптагыдай билдирилген жана ырасталган ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга карата медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-57)
