# 51-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-2/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 51-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-51

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы - адам менен мамлекеттин өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан турган туруктуу укуктук байланышы.

2. Бир дагы жаран өз жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамдардын башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык таанылат.

3. Өзүнүн Кыргызстан элине таандыктыгын далилдеген ар бир адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту мамлекеттин менчиги болуп саналат.

5. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт.

6. Кыргыз Республикасы өз чегинен сырткары жүргөн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет.

7. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап туруу мүмкүндүгүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-52)
