# 42-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 42-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-42

---

1. Ар бир адам эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына жана эмгекти коргоого укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу.

2. Ар бир адам эс алууга укуктуу.

3. Жумуш убактысынын максималдуу узактыгы, жумасына эс алуунун минималдуу убактысы жана акы төлөнүүчү жылдык өргүү, ошондой эле эс алуу укугун жүзөгө ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

4. Жарандар иш таштоого укуктуу. Иш таштоолорду өткөрүү тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-43)
