# 30-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-2/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 30-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-30

---

1. Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким ээсинин эркине каршы алар пайдаланып турган турак жайга жана башка объекттерине кире албайт.

2. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда соттун чечимисиз тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-31)
