# 22-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 22-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-22

---

1. Коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөргө, заманбап технологияларга жана инновацияларга таянат.

2. Мамлекет менчиктин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын колдойт.

Мамлекет ар бир окуучуга, окутуунун сапатына жана педагогикалык кызматкерлердин статусун жогорулатууга камкордук көрөт. Мамлекет мамлекеттик билим берүү уюмдарынын ишин каржылайт жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылат.

3. Мамлекет илимди, илимий-чыгармачылыкты өнүктүрүүнү, илимий-технологиялык жетишкендиктерди, ачылыштарды, инновацияларды жана ойлоп табууларды колдоого алат.

Мамлекет илимий мекемелерди жана уюмдарды каржылайт жана колдоого алат, аларды өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашырат.

4. Мамлекет илимий-техникалык прогресске өбөлгө болгон илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону камсыз кылат.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизденүү менен фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ, ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕР

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-23)
