11-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасына жана жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү…Приказ · 23.07.2026 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы №448 "Аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" ТоктомуПостановление · 05.10.2007 · № 448 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 678 "2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр…Постановление · 18.09.2006 · № 678 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 282 "2006-жылы талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз…Постановление · 20.04.2006 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2004 года №709 "Об изменении ставок налогов за пользование автомобильными дорогами, отчислении в Фонд предупреждения и ликвидации…Постановление · 23.09.2004 · № 709 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>