# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/112213)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 5-майындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" (2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добушунда) кабыл алынган)
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112213/edition/1202952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112213/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 1-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-1

---

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана бардык аймагына жайылтылат.

3. Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

4. Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.

5. Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

6. Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112213/st-2)
