# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112211)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112211/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3008/edition/1261677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112211/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (23.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112211/st-1

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 27-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилет.";

2) 141-беренеде:

а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Эгерде ишке катышып жаткан жактар, мамлекеттик алымды төлөө үчүн жетиштүү каражаттары жок экендигин сотко далилдеп беришсе, алар аны төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөөгө дарамети жетпеген жактар аны жарым-жартылай төлөйт. Толук жана жарым-жартылай бошотулуучу жактардын категориясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Жарандык талаш-тартыштар боюнча доо арыздарын сотко берүүдөн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш. Алынуучу мамлекеттик алымдын чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112211/st-2)
