# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3008/edition/1261677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112211

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 23-марты № 41 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112211/st-1)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 27-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилет.";

2) 141-беренеде:

а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Эгерде ишке катышып жаткан жактар, мамлекеттик алымды төлөө үчүн жетиштүү каражаттары жок экендигин сотко далилдеп беришсе, алар аны төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөөгө дарамети жетпеген жактар аны жарым-жартылай төлөйт. Толук жана жарым-жартылай бошотулуучу жактардын категориясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Жарандык талаш-тартыштар боюнча доо арыздарын сотко берүүдөн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш. Алынуучу мамлекеттик алымдын чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112211/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 108-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарып берилет.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112211/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 29-30 (3208-3209) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 10-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
