Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 23-марты № 41 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилет.";
2) 141-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Эгерде ишке катышып жаткан жактар, мамлекеттик алымды төлөө үчүн жетиштүү каражаттары жок экендигин сотко далилдеп беришсе, алар аны төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөөгө дарамети жетпеген жактар аны жарым-жартылай төлөйт. Толук жана жарым-жартылай бошотулуучу жактардын категориясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Жарандык талаш-тартыштар боюнча доо арыздарын сотко берүүдөн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш. Алынуучу мамлекеттик алымдын чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 108-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарып берилет.".
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 29-30 (3208-3209) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 10-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3873-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3873-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4191-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 26.11.2020 · № 4191-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-февралындагы № 4397-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрында № 4191-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 10.02.2021 · № 4397-VI
Шилтеме берет (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык…Указ · 18.10.2022 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 356 "Кыргыз Республикасыный жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө"…Указ · 24.10.2022 · № 356
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын…Постановление · 11.05.2022 · № 251