# КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3003/edition/1056881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Мыйзамы (06.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112206

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 6-апрели № 49 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112206/st-1)

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:

"айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөлөрдүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажырыйбанын натыйжаларын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүзөгө ашырылуучу аракеттердин жыйындысы; жеке тажрыйба - агроөнөржай комплекси системаларынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен тышкары жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн келишимдерге ылайык айыл чарба кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин түрү.";

2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) агроөнөржай комплексин техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү;";

3) 5-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

4) 8-беренеде:

а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү";

б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-9-пункттар менен толукталсын:

"5) айыл чарба жана сервистик кооперативдерди, соода-логистикалык борборлорду, мал союу цехтерин өнүктүрүүнүн уюштуруу-башкаруу усулдары;

6) кластердик өндүрүштү, тамчылатып сугаруу системаларын жана күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн технологиялык-өндүрүштүк усулдары;

7) "жашыл экономика" принциптерин жүзөгө ашыруунун экономикалык усулдары;

8) органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн, өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоонун, айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын түшүмдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун экологиялык усулдары;

9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.";

5) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:

"20) өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин системасын өнүктүрүү.";

6) 10-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) агроөнөр жай комплекси системасын техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112206/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
