# КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3001/edition/1055263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (06.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112204

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 6-апрели № 47 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112204/st-1)

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "күйөөсү кызматы боюнча түздөн-түз мамлекеттик чек араны кайтаруу бөлүмчөлөрүнө орун которгонуна байланыштуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо аял-аскер кызматчыларынын командирдин (начальниктин) карамагында болуусу - аскердик кызмат өтөгөн бардык мезгилде беш жылдан ашпашы керек.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112204/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги N 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
