# КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2998/edition/1058775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (23.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112199

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 23-марты № 40 Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112199/st-1)

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"- бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү козгоо;";

2) 75-беренеде:

а) төртүнчү бөлүгүндө:

- үчүнчү абзацында "администрациялык, анын ичинде токой укуктарын бузуу жөнүндөгү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бешинчи абзацында ", администрациялык" деген сөз алып салынсын;

б) бешинчи бөлүгүндө:

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- токой фондусун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды, жоруктар жөнүндө актыларды түзүү;";

- бешинчи абзацында "администрациялык укук бузууларды" деген сөздөр "бузууларды" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 78-берененин экинчи бөлүгүндө:

а) мамлекеттик тилдеги текстинде "жарандык, администрациялык" деген сөздөр "жазык, мүлктүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) расмий тилдеги текстинде "административную, " деген сөз алып салынсын;

4) 96-беренеде:

а) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик, жазык жоопкерчилигин жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";

б) экинчи бөлүгүндө "Администрациялык укук бузуулар" деген сөздөр "Бузуулар" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) үчүнчү бөлүгүндө "же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112199/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 28 (3207) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 10-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
