# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112198)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112198/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2997/edition/1271978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112198/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112198/st-2

---

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 31-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке кириптер кылат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 4-бөлүктүн биринчи абзацында "же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөр "жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу административдик даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда сотко кайрылууга, ал эми жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112198/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112198/st-3)
