# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112197)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112197/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2996/edition/1277027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112197/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112197/st-2

---

"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) биринчи абзацы "багууга коюлуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү киргизүү маселелерин камтуучу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи абзацында "Атайын муктаждыгы бар балдар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

г) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бардык окуучулар үчүн мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.";

2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "атайын муктаждыгы бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 7-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "атайын муктаждыктары бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;";

5) 19-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 3-бөлүгүндө "Өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 4-бөлүгүндө "Өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112197/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112197/st-3)
