# 6-берене. Көлмөлөрдү жана алардын участокторун пайдалануу үчүн берүү

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193#diff=1088010..35942>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 6-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-6

---

1. Балык чарбалык көлмөлөр же алардын участоктору балык чарбалык иштерди жүргүзүү максатында пайдаланууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча берилет.

2. Аквакультураны жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарбалык көлмөлөрдү берүүнүн тартиби жана шарттары, пайдалангандык үчүн төлөмдүн өлчөмү, ошондой эле пайдалануу укугун токтотуунун негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Балык чарбалык көлмөлөр же алардын айрым участоктору аквакультура максаттары үчүн конкурстун негизинде 25 жылга чейинки мөөнөткө пайдаланууга берилет.

4. Балык чарбалык көлмөнү же анын участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же ыйгарууга жол берилбейт.

5. Балык чарбалык көлмөнү же анын участогун пайдалануу укугу күрөөнүн объекти болуп санала албайт.

6. Балык чарбалык өздөштүрүү жана балык өстүрүүчүлүк, балык көбөйтүүчүлүк жана балык уулоочулук максаттарда пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-7)
