# 5-берене. Балык чарба көлмөлөрдүн, балык чарба субъекттеринин, аквакультура, балык уулоо объекттеринин жана балык өстүрүүчүлүк продукциянын эсебин алуу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 5-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-5

---

1. Мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик балык чарбалык реестрди жүргүзөт. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

2. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

1) балык чарба субъекттери жөнүндө;

2) аквакультура, балык көбөйтүү же балык уулоо максатында пайдаланылуучу балык чарба көлмөлөр жөнүндө;

3) кармалган, өстүрүлгөн товардык балыктын жана балык өстүрүү продукциясынын саны жөнүндө;

4) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген же анын чегинен сырткары алып кетилген товардык балыктар жана балык өстүрүү продукциясы жөнүндө.

3. Реестр балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү жайгаштырылууга жатат жана ал ачык жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.

4. Менчигинин формасына карабастан балык чарба субъекттери эсепке алууну жүргүзүүгө жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө милдеттүү:

1) өстүрүлгөн, кармалган жана сатылган товардык балыктын жана балык өстүрүү продукциясынын көлөмдөрү жөнүндө;

2) суу көлмөлөрдү балыктандыруу максатында аларга коё берилген жаш балык чабактарынын көлөмдөрү жөнүндө.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-6)
