5-берене. Балык чарба көлмөлөрдүн, балык чарба субъекттеринин, аквакультура, балык уулоо объекттеринин жана балык өстүрүүчүлүк продукциянын эсебин алуу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик балык чарбалык реестрди жүргүзөт. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) балык чарба субъекттери жөнүндө;
2) аквакультура, балык көбөйтүү же балык уулоо максатында пайдаланылуучу балык чарба көлмөлөр жөнүндө;
3) кармалган, өстүрүлгөн товардык балыктын жана балык өстүрүү продукциясынын саны жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген же анын чегинен сырткары алып кетилген товардык балыктар жана балык өстүрүү продукциясы жөнүндө.
3. Реестр балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү жайгаштырылууга жатат жана ал ачык жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.
4. Менчигинин формасына карабастан балык чарба субъекттери эсепке алууну жүргүзүүгө жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө милдеттүү:
1) өстүрүлгөн, кармалган жана сатылган товардык балыктын жана балык өстүрүү продукциясынын көлөмдөрү жөнүндө;
2) суу көлмөлөрдү балыктандыруу максатында аларга коё берилген жаш балык чабактарынын көлөмдөрү жөнүндө.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-5" title="5-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>