# 43-берене. Эл аралык кызматташтык

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 43-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-43

---

1. Аквакультура, суу биоресурстарын, алардын жашоо чөйрөсүн жана балык уулоону пайдалануу, өндүрүп чыгаруу, коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) эл аралык келишимдерди түзүү;

2) аквакультура чөйрөсүндөгү эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу;

3) эл аралык уюмдардын, аквакультура продукциясын өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын ишине катышуу;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, адистерди, технологияларды, биологиялык жана генетикалык материалдарды алмашуу;

5) аквакультура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аквакультура продукциясына карата талаптарды белгилөөгө байланышкан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башкача ченемдер белгиленсе, эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-44)
