# 41-берене. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизминин системасы

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 41-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-41

---

1. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизминин системасында төмөнкүлөр камтылат:

1) суу биоресурстарын эсепке алуу жана аларга социалдык-экономикалык баа берүү;

2) суу көлмөлөрдү пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен илимий жумуштарды жана балык чарбалык суу көлмөлөрдүн ихтиофаунасын ихтиологиялык изилдөөлөрдү финансылоо;

3) балык чарбалык суу көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдалангандык үчүн акы төлөө;

4) суу пайдалануучулардын жана суу биоресурстарын пайдалануучулардын пландарын өз ара макулдашуунун милдеттүүлүгү;

5) балык запастарын коргоо жана өндүрүп чыгаруу боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоо;

6) чарбакер субъекттер суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирген зыянды алар тарабынан компенсациялоо.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-42)
