# 40-берене. Балык чарбалык көлмөлөрдү пайдалануучулардын чыгымдарынын ордун толтуруу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 40-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-40

---

1. Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жактар төмөнкүлөргө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтурууга тийиш:

1) балык чарбалык көлмөлөрдү жана/же алардын участокторун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алып коюуга же убактылуу ээлеп алууга;

2) балык чарба субъекттеринин көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдаланууга карата укуктарын чектөөгө;

3) пайдалануу үчүн берилген балык чарбалык көлмөлөрдүн жана алардын участокторунун сапаты башка уюмдардын жана жарандардын ишинин натыйжасында начарлап кетүүсүнө.

2. Суу биоресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү жок кылуунун же алардын абалын начарлатуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду күнөөлүү жактардын каражаттарынын эсебинен толтурулууга тийиш.

3. Зыяндын ордун толтуруу зыянды эсептеп чыгаруунун таксаларына жана методикаларына ылайык, же болбосо алынбай калган пайданы эсепке алуу менен, зыянды компенсациялоого иш жүзүндө кеткен сарптоолорго жараша жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамсыз деп таанылган учурда зыяндын орду алынбай калган пайданы эсепке алуу менен ушул органдар тарабынан толтурулат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-41)
