# 39-берене. Суу биоресурстарын алып келүү, алып кетүү, балыктын жана суу организмдеринин айрым түрлөрүм көлмөлөргө акклиматизациялоо, коё берүү, байыр алдыруу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 39-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-39

---

1. Тирүү балыкты, суу биоресурстарынын уруктандырылган икрасын, личинкаларын, чабактарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү же анын чегинен сырткары алып кетүү төмөнкүлөр бар болгондо жүргүзүлөт:

1) алып келинүүчү же алып кетилүүчү суу биоресурстарынын санитардык-эпизоотиялык бакыбаттыгын ырастоочу документтер;

2) балык чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча профилдик илимий мекемелердин илимий-биологиялык негиздемеси.

2. Балыкты акклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарбалык көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-40)
