# 38-берене. Суу биоресурстарынын абалына жана алар жашаган чөйрөгө терс таасир кылуучу чарбалык жана башка ишмердикке чектөөлөр жана тыюу салуулар

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 38-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-38

---

Балык запастарын сактоо, көбөйтүү, алардык жашоо чөйрөсүн жана өндүрүп чыгарылуу шарттарын жакшыртуу максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) балык чарбалык маанидеги суу объекттерин жана алардын жээк боюндагы зоналарын өндүрүштүн, керектөөнүн калдыктары жана балык кармоонун өндүрмөлүк шаймандары (торлор) менен тыгындоого же булгоого;

2) балык чарбалык маанидеги суу объекттерине тазаланбаган өндүрүштүк жана турмуш-тиричиликтик саркынды сууларды, мал чарба жана канаттуулар чарба комплекстеринин жана фермаларынын саркындыларын агызууга;

3) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин жээктеринде курулуш калдыктарын жана турмуш-тиричиликтик таштандыларды жыйноого;

4) балык чарбалык маанидеги, балыктын урук чачуусу же балык уулоо үчүн маанилүү болгон суу объекттеринин түбүнөн кум, шагыл казып алууга же таш материалдарды чогултууга;

5) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин жээктеринде транспорттук каражаттарды, челектерди жана таңгактоочу тараларды жууп-тазалоого;

6) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринен суу алма курулмаларды жана балык коргоочу түзүлүштөрдү орнотпостон сууну алууга;

7) суу биоресурстарынын жаңы түрлөрүн илимий-биологиялык негиздемеси жок жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жок коё берүүгө, акклиматизациялоого жана көбөйтүүгө;

8) балык чарбалык маанидеги суу объекттерине жакын жерде өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттарды, аларды өстүрүүчү стимуляторлорду, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди ташууга, сактоого жана колдонууга;

9) балык урук чачуучу, семирүүчү жерлерде, кыштоочу чуңкурларда, ошондой эле балык үчүн миграциялык жол катары кызмат кылуучу сууларда жардыруучу, түптү тереңдетүүчү, түптү тазалоочу жумуштарды жүргүзүүгө жана кыртышты бузууга;

10) балыкты кармоодо салмактандыруучу катары коргошунду пайдалануу менен балык уулоочу тор шаймандарды колдонууга;

11) түйүн кылып токулган монофилдик торлорду алып келүүгө, сатууга, сатып алууга, иштетүүгө жана пайдаланууга;

12) балыкты уруксаты жок же тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган түрлөрүн же болбосо тыюу салынган мөөнөттөрдө, балык уулоонун тыюу салынган шаймандары жана ыкмалары менен кармоого;

13) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин суу коргоо зонасында химикаттарды, жер семирткичтерди жана пестициддерди балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашпастан пайдаланууга;

14) мыйзамсыз кармалган суу биоресурстарын жана алардан иштелип чыккан продукцияны жана икраны алууга, алып чыгууга, сатып алууга жана сатып өткөрүүгө,

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-39)
