# 34-берене. Балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатындагы өндүрүштүк контролдоо

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 34-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-34

---

1. Балык чарба субъекттерине бекитип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда балык запастарын жана өстүрүлгөн товардык балыкты коргоо ушул көлмөлөрдү же алардын айрым участокторун пайдалануучулардын егердик кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Балык чарба субъектинин егердик кызматынын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды түзүүгө жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга, укук коргоо же сот органдарына өткөрүп берүүгө;

2) егердик кызматтын айырмачылык белгилери бар атайын формалык кийимди кийүүгө;

3) "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кызматтык куралды жана сигналдык тапанчаларды (ракетницаларды) алып жүрүүгө.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-35)
