# 32-берене. Суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн пайдалануу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 32-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-32

---

1. Аквакультура чөйрөсүндө балыктардын жана башка суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн пайдалануу төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:

1) алардын жаңы байырлаган жерлерде контролдонбой жайылып кетүү учурларына жол берилбегенде;

2) алардын балыктардын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына терс таасир кылуусу жокко чыгарылганда.

2. Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыктардын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө илимий-биологиялык негиздемеге ылайык жана балык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча жол берилет.

3. Суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө илимий-биологиялык негиздеме суу биоресурстарын балык чарбалык изилдөөлөргө адистешкен илимий мекемелер тарабынан иштелип чыгат.

4. Илимий-биологиялык негиздемеде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) суу биоресурстарынын ушул түрүн көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн максаты жана максатка ылайыктуулугу;

2) суу биоресурстарынын ушул түрүн көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн шарттары;

3) суу биоресурстарынын ушул түрүнүн жаңы жерлерде контролдонбой жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралар;

4) суу биоресурстарынын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына жаңы түрдүн терс таасир кылуусун жокко чыгаруу боюнча чаралар.

5. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган суу биоресурстарын аквакультуранын ачык жана/же жабык шарттарында көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө мониторинг жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-33)
