# 31-берене. Балык чарбалык түзүлүш

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 31-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-31

---

1. Балык чарбалык түзүлүштү жүзөгө ашыруу балык чарбасын жүргүзүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.

2. Ички чарбалык түзүлүмдүн материалдары боюнча иштелип чыккан балык чарбасын жүргүзүү планы балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылып, балык чарба субъекти тарабынан ишке ашырылат.

3. Балык чарбасын жүргүзүү планында төмөнкүлөр камтылат:

1) көлмөлөрдүн ихтиофаунасынын жана анын жашоо чөйрөсүнүн абалына баа берүүнү камсыз кылуу;

2) балык чарбалык көлмөлөрдөн балык алуунун оптималдуу-жол берилүүчү көлөмдөрүн аныктоо;

3) көлмөлөрдө учурдук мелиорациялоону жүргүзүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу;

4) суу биоресурстарын күзөттөөнү жана өндүрүп чыгарууну камсыз кылуучу иш-чараларды иштеп чыгуу;

5) балык чарбасынын ишинин эң натыйжалуу багытын (товардык балык өстүрүү, балыктарды көбөйтүү, балык уулоо) аныктоо.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-32)
