# 30-берене. Балык чарбалык илимий изилдөөлөр

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 30-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-30

---

1. Балык чарбалык илимий изилдөөлөргө төмөнкүлөр кирет:

1) экспедициялык изилдөөлөр, балыкты контролдук кармоо, кармоонун ар түрдүү шаймандарын пайдалануу менен акустикалык жана эсепке алуучулук тартуулар, эксперименттик өндүрмөлүк кармоо;

2) маалыматтарды лабораториялык (камералык) иштеп чыгуу;

3) кармоонун жол берилген жалпы көлөмүнүн илимий-негизделген чоңдуктарын аныктоо;

4) суу биоресурстарынын сакталып калуусу жана жетиштүү түрдө табигый өндүрүп чыгарылуусу үчүн аларды сарамжал пайдалануу эрежелеринин жана ченемдеринин илимий негиздемесин иштеп чыгуу;

5) чарбалык ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө балык чарбалык экспертиза жүргүзүүгө катышуу;

6) чарбалык объекттерди куруу жана иштетүү аркылуу балык запастарына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча балык өстүрүүчүлүк-биологиялык негиздемелерди аткаруу;

7) суу биоресурстарынын эсебин алууга жана кадастрын жүргүзүүгө катышуу;

8) балык чарбалык көлмөлөргө антропогендик таасир кылуунун масштабдарын аныктоо максатында суу биоресурстарына мониторинг жүргүзүү;

9) суу биоресурстарын башкаруу процессинде келип чыгуучу жалпы жана жекече көйгөйлөрдү иликтөө.

2. Балык чарбалык көлмөлөрдө суу биоресурстарына жүргүзүлө турган илимий изилдөөлөрдүн программалары жана пландары балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

3. Суу биоресурстарына илимий изилдөөлөрдүн аткарылышы боюнча отчеттор талдоо жүргүзүү жана жумушта пайдалануу үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.

4. Балык уулоо жана суу биоресурстарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн балык чарбалык илимий изилдөөлөр балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтото турулушу же токтотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-31)
