# 29-берене. Балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана суу көлмөлөрдү балык чарбалык мелиорациялоо

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 29-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-29

---

1. Көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында, көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштар жүргүзүлөт.

2. Көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштар төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) балык запастарын өндүрүп чыгаруу боюнча ар жылдык пландуу иш-чаралардын;

2) көлмөлөрдү пайдалануучулар түзгөн жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык жумуштардын пландарынын.

3. Көлмөлөрдү балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт;

1) балыктардын көбөйүү шарттарын жана жашоо чөйрөсүн жакшыртуу;

2) суудагы ашыкча өсүмдүктөрдү алып салуу;

3) балыктардын жырткыч, баалуулугу аз жана керексиз түрлөрүнүн санын кыскартуу;

4) балык чарбалык көлмөлөрдүн түбүн чөгүп кеткен балык уулоочу тор шаймандардан тазалоо;

5) балыктардын урук чачуучу жерлерине өтүүсү үчүн кызмат кылуучу өтмөктөрдү тереңдетүү жана тазалоо.

4. Мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо көлмөлөрдү балык чарбалык пайдалануудан келип түшүүчү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

5. Балык чарба субъекттерине бекитип берилген суу көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо бул суу көлмөлөрдү пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

6. Көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-30)
