# 28-берене. Мыйзамсыз балык уулоо продукциясын жана шаймандарын алып коюу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 28-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-28

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төмөнкүлөр алып коюлууга жатат:

1) мыйзамсыз кармалган балык уулоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра;

2) мыйзамсыз балык уулоочу шаймандар жана калкыма каражаттар;

3) мыйзамсыз балык уулоонун сатылуучу продукциясы;

4) кармап алуу үчүн уруксат берилген лимиттерден (квоталардан, ченемдерден) ашыкча алынган балык уулоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра.

2. Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан иштелип чыккан балык продукциясын жана икраны алардын бузулуп кеткендигинен жана товардык көрүнүшү бузулгандыгынан улам алып коюуга мүмкүн болбогон учурда, күнөөлүү жактардан аларга салынган айып пулдан жана келтирилген зыян үчүн доо коюудан тышкары, балыктын ушул түрүнө белгиленген чекене баалар боюнча алардын наркы өндүрүп алынат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-29)
